Советтер Союзунун жана кыргыздын балет жылдызы Бүбүсара Бейшеналиева кээ бир маалымат булактарында 17-майда туулган делинсе, кээ биринде 15-сентябрь деп жазылган. 17-май анын уулу Эрмек Бейшеналиевдин туулган күнү болгондуктан, бул датаны уулунун туулган күнү менен окшоштуруп жаздырып койгон деп айтылат.
СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Төбө айылында туулган. 1936-1941-жылдары Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) хореографиялык окуу жайында окуган. 1948-1949-жылдары ошол эле окуу жайдын өнөр арттыруу классында айтылуу балет педагогу Агриппина Вагановадан таалим алган. 1941-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылдан тарта башкы солист болуп иштеген. 1949-жылдан баштап Фрунзедеги (азыркы Бишкек) хореографиялык окуу жайынын педагогу болуп иштеген.
Бүбүсара Бейшеналиева - кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал кыргыздын балет өнөрүнүн даңкын чыгарган. Ал катышкан "Чолпон" балет-фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Б.Бейшеналиева СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Бүбүсара Бейшеналиева 1973-жылы 11-майда 47 жаш курагында каза болгон.
- Ленинграддагы хореографиялык окуу жайына 10 жашында кеткен.
- СССР Жогорку Советинин 6-7-чакырылышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-чакырылышынын депутаты болгон.
- Тамактарды ундун жогорку сортунан эмес, кадимки тегирмен унунан жасачу.
- Эл арасында Чыңгыз Айтматов биринчи жубайын таштап, Бүбүсара Бейшеналиеваны жандап кеткен деп айтылып жүрөт.
- "Асел" балетинде жараткан ролу Бүбүсара Бейшеналиеванын акыркы ролу болгон.