Бүгүн, 15-сентябрда Эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) рейтинги жаңыланды. Анда футбол боюнча улуттук курамабыз 3 орун артка жылып, 108-орунду ээледи. Мурунку айдагы рейтингде 105-орунду ээлеген улуттук кураманын карамагында 324 упай бар.
Мурунку айда Бишкекте биздин футболчуларга утулган Казакстан курамасы 13 орун алдыга жылып, жаңыланган рейтингде 83-орунду ээледи.
Рейтингде алдынкы ондукта өзгөрүү болгон жок. Аргентина курамасы 1-орунда турса, кийинки орундарда Бельгия, Германия, Колумбия, Бразилия, Чили, Португалия, Франция, Уругвай жана Уэльс курамалары бар.