Футбол боюнча кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамасы Эл аралык футбол федерациясынын бүгүн, 9-апрелде жарыяланган рейтингинде 153-орунду ээледи.
Аталган уюмдун расмий сайты кабарлагандай, кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамасынын карамагында 146 упай бар. Өткөн айда жарыяланган рейтингде курамабыз 209 мамлекеттин ичинен 150-орунду ээлеген. Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде курама команда 26-орунда жайгашкан.
Кошумчалай кетсек, ФИФАнын рейтингине 1 ай ичинде болгон расмий жолдоштук оюндар, мелдештердеги оюндар таасирин тийгизет. Кыргыз улуттук курамасы 31-мартта Ооганстан менен жолдоштук беттеш өткөрмөк. Бирок жүйөлүү себептерден улам бул беттеш болбой калган.