ЖЫЛНААМА, 16-СЕНТЯБРЬ: Америкалык актёр Микки Рурк 64 жашка толду

Америкалык актёр Микки Рурк бүгүн, 16-сентябрда 64 жашка толду. Ал АКШнын Нью-Йорк штатындагы Скенектади шаарында туулган. Актёр 6 жашка толгондо ата-энеси ажырашып кетишкен. Өгөй атанын колунда чоңойгон Рурк кичинекейинен болгон ачуусун рингде чыгарганга үйрөнгөн. Алгач профессионал боксчу катары таанылган Микки Рурк кийин спортту таштап, актёрлукка өткөн. "Курьер", "Война богов: Бессмертные", "Игры страсти", "Неудержимые", "Железный человек 2", "Однажды в Мексике", "Кровавый четверг" сыяктуу тасмаларда роль жаратып, "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарына ээ болгон.

Спирт ичимдиктерин көп ичип, бокс менен ашыкча алектенип ден соолугуна залал келтирген актёр мурунку көрүнүшүн калыбына келтирүү үчүн пластикалык операцияга каттай баштаган. Бирок ал жакта да анын тилеги таш каап, кайра түрү суук адамга айлана баштаган.

Ошентип, бир кездерде көпчүлүк кыздардын кыялына айланган келишимдүү Микки Рурктун сүйкүмдүү жүзү убакыттын өтүшү менен эле эмес, алкоголдук ичимдиктин, баңгизаттын, пластикалык операциянын таасиринде таанылгыстай өзгөргөн.

16-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан