Исхак Масалиев башкы прокурордун орун басарын этият болууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти комитетинин жыйынында башкы прокурордун орун басары Кылыч Токтогуловду этият болууга чакырды. Депутат прокуратура өкүлүнө кайрылып: "Этият болуп, акыл-эсиңерге келгиле. Убакыт келгенде баарыңар жооп бересиңер. Айтып койсо эле коркуп кылмыш ишин козгой бересиңерби? Саясатка аралашпагыла", - деп сын такты.

Мындай сөз Кылыч Токтогулов депутат Өмүрбек Текебаевдин артынан 5 унаа менен белгисиз адамдар аңдып жүрүшкөнү тууралуу маалымат боюнча суроолорго жооп берип жатканда айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан