Кыргыз өлкөсүнүн экс-президенти, "Роза Отунбаеванын демилгелери" Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясында баяндама жасайт. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Отунбаеванын баяндамасы жарандык башкарууну күчөтүү маселесине арналган. Ал Нью-Йоркко Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу боюнча иш сапары менен келгени белгилүү болду.
"Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Роза Отунбаева 19-сентябрда БУУнун Лидерлер кеңешинин жолугушуусуна катышты. Анда маанилүү тармактарда туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү боюнча чаралар талкууланган. Мындан тышкары Отунбаева Дүйнөлүк лидер аялдар кеңеши уюштурган, аялдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүү менен күрөшүү боюнча талкууга катышат", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, кечээ, 19-сентябрда кечинде президенттик аппараттын басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин жүрөк оорусу кармап, Түркияда ооруканага жаткырылганын кабарлаган. Мындан улам президент Нью-Йоркто өтчү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катышпай тургандыгы маалымдалган. Бүгүн, 20-сентябрда "Хаберлер" түркиялык басылмасы Атамбаев Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманканалардын биринде эс алганын жазып чыккан.