Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция айып пулдардан түшкөн каражаттын 25 пайызын аталган инспекциянын өзүнө алат. Буга багытталган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 21-сентябрда 3-окууда карап, добуш берүүгө жиберди. Демилгечилердин айтымында, бул мыйзам долбоорунун максаты аталган инспекциянын кызматкерлери үчүн социалдык коргоону жана кепилдиктерди камсыз кылуу, ишинин акыркы натыйжасына ылайык алардын кызыкчылыктарын арттыруу болуп саналат. Бул мыйзам долбоордо Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 614-беренесине өзгөртүү киргизилет.
Каржы министрлиги инспекция тарабынан айып пулдун негизинде чогултулган каражат алгач Каржы министрлигине түшүп, андан кийин аталган инспекцияга которулуп бериле турганын маалымдады. Инспекция айып пулдун негизинде 2014-жылы 9 миллион сом, 2015-жылы 15 миллион сом, ал эми 2016-жылдын биринчи айынан бери 7 миллион сомго чукул каражат чогултканын билдирди. Айрым депутаттар 25 пайыз жетишсиз экенин айтышты.