Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында коррупциялык факт боюнча маалымат берген жарандардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам долбоору каралып жатат. Талкуу учурунда депутат Жанар Акаев коррупциялык фактылардын бетин ачууда уюлдук телефондорго атайын тиркемелерди орнотуу керектигин сунуштады. Анын билдиришинче, Индия коррупция менен күрөшүүдө ушул ыкманы колдонууда. Демилгени колдоого алган депутат: "Коррупцияны катардагы кызматкерлер эмес, миллионерлер жасап жатышат. Ошондуктан таза Кыргыз мамлекетин курууга салым кошууну каалаган жаштар коррупция тууралуу фактыларды билдирүүгө өздөрү кызыкдар. Маалымат берген жарандарды баатыр катары көрсөтүүбүз керек", - деди.
Талкуу соңунда мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.