Учурда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарына миграция, чек ара, жол коопсуздугу боюнча маалымат беришүүдө. Өкмөт башчы өз баяндамасында мигранттардын негизги көйгөйлөрүнө токтолду. "Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин курамына киргенден бери мигрант мекендештерибиздин абалы сезилерлик жеңилдеди. Буга карабастан, мигранттардын негизги көйгөйү жумуш берүүчүлөрдүн алдап кетүүсү жана эмгек акысын бербей коюшу болуп жатат. Буга мекендештердин чет өлкөнүн мыйзамдарын сактабай, эмгек келишимин түзбөй иштегендиги дагы негиз болду", - деди өкмөт башчы.