Өкмөт: "Бишкек-Ош унаа жолундагы эки пост бир жылда 63 миллион сом чогулткан"

Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" жана "Кара-Көл" посту жолдон өткөн унаалардын айдоочуларынан 2015-жылы 63 миллион сом чогулткан. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров Жогорку Кеңеште депутаттардын жол кырсыктары боюнча суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын билдиришинче, чогултулган каражат тоннелдерди оңдоп-түзөөгө жана посттордо иштеген кызматкерлердин айлыгына сарпталат. Бирок айрым депутаттар тоннелдерге мындай көлөмдөгү каражат сарпталып жатканы менен, тоннелдин абалы начар экенин айтышты.

Ал эми өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков быйыл аталган жолдун Төө-Ашуу ашуусундагы 2 чакырымына асфальт төшөлгөнүн, кийинки жылдын алгачкы айынан баштап ири каражат бөлүнүп, жолдун начар жайлары толугу менен оңдолуп баштай турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан