Депутаттар "Коопсуз шаар" долбоорун тез арада ишке ашырууну талап кылышты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Коопсуз шаар" долбоорунун айланасындагы маселеге токтолуп, өз сунуштарын беришүүдө. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков долбоорду ишке ашыруу боюнча 2014-жылы чечим кабыл алынганы менен, соттук иштерден улам долбоор ишке ашпай жатканын белгиледи. "Соттук иштерге биз аралаша албайбыз. Бул долбоор бизге аябай керек, бүтүрүп бергиле деп тиешелүү органдарга сунуш кылып жатабыз", - деди Жээнбеков.

Депутат Исхак Масалиев Жээнбековго долбоорду ишке ашыра албай жаткан төртүнчү өкмөт башчы экенин эскертип өттү. "Долбоорду ишке ашыра албай жаткан сиз төртүнчү өкмөт башчысыз. Баарыңар эле ушунун айланасында жүрө бересиңерби? Тезинен ишке ашыргыла", - деди депутат.

Эскерте кетсек, 2015-жылы "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендер өтүп, бирок ИИМ талапкерлерди тандоо мыйзам бузуулар менен өттү деп, тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча соттук иштерин баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан