Депутаттар мектеп директорлору билим берүүнү бизнеске айландырып алганын айтышты

Депутат Акылбек Жамангулов бүгүн, 22-сентябрда парламент жыйынында мектептердеги коррупциялык көрүнүштөр боюнча маселе көтөрдү. Анын билдиришинче, мектеп директорлору окуучуларды мектепке кабыл алууда 1000 долларга чейин пара алышат. "Директорлор башка мектептен которулуп келген окуучуларды кабыл алууну бизнеске айландырып алышты. 1 баланы кабыл алуу үчүн 1000 долларга чейин акча алышат экен", - деди депутат.

Андан сырткары мектептердеги ата-энелер фонду тарабынан ири акча чогултулуп жатканын белгиледи. "Ар бир эле мектепте ата-энелер фонду бар. Билим берүү жана илим министрлигинин мага берген катында фонддорго 2013-жылы эле 1,5 миллиард сом чогулуптур. Бул акчалар кайда кетип жатат?" - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан