Парламенттин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Кенжебек Бокоев акыркы 3 жылда уюшкан кылмыштуу топтордун канча мүчөсү каттоого коюлганын сурады. 2013-жылы Жогорку Кеңеш уюшкан кылмыштуу топторго каршы атайын мыйзам кабыл алып бергенин айтып, буларды билдирди:
"Ички иштер министрлиги мыйзам кабыл алынары менен уюшкан кылмыштуу топтордун бардык мүчөлөрү каттоого алынарын билдирген эле. Үч жыл өттү, андай топтордун канчасы каттоого алынганын териштирүү үчүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетине тапшырма берүүнү сунуштайм. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер боло албашы керектигин айтып жатабыз. Мындай топтордун өкүлдөрү жергиликтүү кеңештин депутаттыгына да ат салышпай турган чектөө киргизишибиз керек".