Өкмөт альтернативдүү интернет жеткирүүчүлөр менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн кароодо

Кыргыз өкмөтү альтернативдүү интернет жеткирүүчүлөр менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн кароодо. Муну премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда казакстандык провайдерлердин интернет тарифтерине бааны жогорулатышы боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетине түзүлгөн кырдаалды тезинен чечүү тапшырмасы берилгенин айткан өкмөт жетекчиси: "Бүгүнкү күндө интернет биздин жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Аталган маселени чечүүнү создуктуруу менен ал саясий маселеге айланып баратат. Буга байланыштуу өкмөт аны тез арада чечүү үстүндө иш алып барып жатат. Казакстандык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө, ошондой эле альтернативдик интернет жеткирүүчүлөр менен кызматташуу мүмкүндүгү каралууда", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан