Парламентте "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору талаш жаратты

Парламентте 22-сентябрда "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралууда. Депутат Аида Салянова аталган мыйзам долбоору тийиштүү талкуулардан өтпөгөнүн билдирип, тармактык комитеттин төрайымы Асел Кодурановадан долбоор көз карандысыз экспертизадан өткөнүн же өтпөгөнүн сурады. Комитет жетекчиси өтпөгөнүн билдирип: "Комитетте биз депутаттардан жазуу жүзүндө түшкөн сунуштарды гана карай алабыз. Долбоор боюнча бир гана депутаттан сунуш түшүп, аны кабыл алдык", - деди.

Мыйзам долбоорунда мүчүлүштүктөр бар экенин депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Жакупова, Мирлан Бакиров жана башкалар айтышты. Долбоорду биринчи окуунун режимине кайтарып, парламенттик угуу өткөрүү сунуштары айтылды. КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров, спикер Чыныбай Турсунбеков мыйзам долбоорун палатага чыгаруу процессинде регламентти бузуу жок экенин билдиришти.

Эскерте кетсек, бул мыйзам долбоору апта башында комитетте да талаш жаратып, сунуштары кабыл алынбаганына нааразы болгон авторлор жана мыйзамды шашылыш кабыл алууга каршы депутаттар залдан чыгып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан