Жогорку Кеңеш "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө жиберди

Жогорку Кеңеш "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Айрым депутаттар мыйзам долбоорун палатага чыгаруу процессинде регламент бузулганын белгилешсе, айрым депутаттар регламент бузуу болбогонун айтып, добуш берүүгө жиберүүнү сунушташты.

Мыктыбек Абдылдаев Конституцияда референдум өткөрүү үчүн 300 миң кишинин колу керектиги боюнча норма мыйзам долбооруна кирбей калганын айтты. "Референдум өткөрүү үчүн 300 миң кишинин колу керек болсо, мыйзам долбоорунда 10 миң деп жазылып турат. Мен 1-окууда ушул сунушту берип, оңдоп коюуну сурангам, бирок оңдолбоптур. Эртең чоң көйгөй жаралат", - деди Абдылдаев.

Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Мыйзам долбоору комитеттин чечими менен палатага чыгарылып, талкууладык. Азыр добуш берүүгө жиберип, кабыл ала берели. Кийин кандайдыр бир маселе жаралса, Конституциялык палатага кайрылып, артка кайтарып алса болот", - деп сунуштады.

Зулпукаровдун сунушу боюнча мыйзам долбоору көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан