Парламент коррупциялык факт боюнча маалымат бергендерди коргоо жана сыйлоо жөнүндө демилгени 2-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 22-сентябрда “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорунда коррупциялык факт боюнча маалымат берген адамдарды коргоону камсыз кылуу жана келтирилчү чыгым сакталып калган учурда анын 30 пайызын сыйлык катары берүү каралган.

Демилгечи депутаттар бул демилге жарандарды коррупциялык укук бузуулардын бетин ачууга, коррупцияга каршы аракеттерге жигердүү катышууга шыктандыруу, мыйзам чегиндеги жүрүм-турумду калыптандыруу максатында иштелип чыкканын айтышты. Мыйзам долбоору 21-сентябрда 2-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан