Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жана президенттин айланасындагылардын (Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов, Сапар Исаков, Албек Ибраимов) акыркы 10 жыл ичиндеги декларацияларын көрсөтүү суроо-талабы менен тиешелүү мекемелерге кайрылды. Бул тууралуу Текебаев 23-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул суроо-талап менен тиешелүү мамлекеттик кызматтарга бүгүн кайрылдым. Баарыбыздыкын салыштырып көрсөтөбүз. Албек Ибраимовдун аялынын жериндей менин аялымдын 100 гектар жери жок. Ибраимовдун 30 чакты жер тилкеси бар: эң кичинекейинин аянты 1,5 гектар болсо, эң чоңунуку 7 гектар экен. Кечээ Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевге Ибраимовдун менчигиндеги объектилердин тизмесин сурасам, бербейм деп койду", - деди Текебаев.
"Атамбаевдин ондогон гектар жерлери, миңдеген чарчы метрди ээлеген имараттары бар. КТРК ушуларды деле көрсөтүп койсо болот. Керек болсо мен саналган объектилеримди журналисттерге көрсөтүп берем", - деп айтты Текебаев.