16 жыл мурун 24-сентябрда, тактап айтканда, "Сидней-2000" Олимпиадасында дзюдочу Айдың Смагулов Кыргыз Республикасынын тарыхындагы алгачкы коло медалды жеңип алган. Ал 60 килограмм салмакта татамиге чыгып келген.
Айдың Смагулов 1976-жылы 1-декабрда Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында туулган. 1999-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын желеги астында мелдештерге катыша баштаган. 2000-жылы Азия чемпиондугунда күмүш медаль, Олимпиадада коло медаль тагынган.