Сайдулла Нышанов "Референдум жөнүндө" мыйзамды колдоо - Текебаевге каршы чыгуу эмес" дейт

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Сайдулла Нышанов, Эмил Токтошев жана Абдимуктар Маматов "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоорун колдоп добуш беришти. Конституцияны өзгөртүүгө жол ачып берүүчү аталган мыйзамдын шашылыш кабыл алынып жатканын айтып фракция лидери Өмүрбек Текебаев каршы чыгып жаткан. Буга карабай "ата мекенчи" 3 депутат долбоорду колдоп, жарымы добуш берүүгө катышкан жок.

Нышанов өзү SUPER.KG порталына буларды айтты: "Мыйзам долбооруна депутаттар өздөрү каалагандай добуш беришти. Тигиндей же мындай добуш бергиле деп фракцияда сөз болгон жок. Айрым маселелерде фракциянын ичинде сүйлөшүү болуп, каршы же макул болуу жөнүндө сөз болчу. Бул жолу андай болгон жок. Сиздин оюңузча, эмне, мыйзам долбоорун колдоп добуш берсе эле фракция лидерине каршы болуп калабызбы? Андай эмес. Бул мыйзам керек".

Кошумчалай кетсек, аталган мыйзам долбооруна парламентте Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Урмат Самаев, Чолпон Жакупова жана Мыктыбек Абдылдаев "каршы" деп добуш беришти. 98 депутат долбоорду колдосо, калганы добуш берүүгө катышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан