Бишкекте бүгүн, 26-сентябрда "Референдумга жол жок!" кыймылынын алгачкы маалымат жыйыны өтүүдө. Аталган кыймылдын мүчөсү Кадыр Кошалиев иш-чаранын максатын түшүндүрдү. Жыйында эки маселе талкууланат: биринчиси - референдум өткөрүүгө каршы кол топтоо жараяны старт алды, экинчиси - парламентти таратуу маселеси. "Жогорку Кеңеш чөнтөк парламентке айланып калды. Мисалы, жакында "Референдум жөнүндө" мыйзам процедураларды бузуу менен өттү. Жогорудагы эки маселеге кол топтоону баштадык", - деди Кошалиев.