Ысык-Көлдө “келинди баласынын көзүнчө зордуктаган” деп шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ишти Тоң райондук соту карайт.
Айта кетсек, 28-июль күнү 1983-жылы туулган Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, 5 жаштагы баласы менен талаага таштап кеткенин айткан. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну кармалган.
Кылмышка шектүү көрсөтмөсүндө: “Башында келин өзү макул болгон, бирок кийин чыр чыгаргандыктан талаага таштап кетип калгам”, - деп билдирген.