Ысык-Көлдө “келинди 5 жаштагы баласынын көзүнчө зордуктаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда болгон. 1983-жылы туулган жабырлануучу өз арызында Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, талаага таштап кеткенин айткан.
“Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 1986-жылы туулган тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды”, - деп билдирди Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.
Ошондой эле ал: "Окуя болгон учурда келиндин жанында 5 жаштагы баласы да болгон", - деп кошумчалады.