Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин президент Алмазбек Атамбаевге ден соолук каалады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге анын тез сакайып кетүүсүн каалаган телеграмма жөнөттү. Бул тууралуу 26-сентябрда президенттик аппараттан билдиришти. "Сиздин сыркоолоп, ооруканага жатып калганыңыз тууралуу кабарды өтө тынчсыздануу менен кабыл алдым. Сиздин тез арада сакайып кетишиңизге тилектештигимди билдирем", - деп айтылат Си Цзиньпиндин телеграммасында.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев учурда Москвада. Президенттик аппарат өлкө башчынын клиникалардын биринде дарыланып жатканын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан