Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 26-сентябрда Эдвард Жэмайэль баштаган Эл аралык валюта фондунун миссиясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык валюта фондунун өз ара жогорку деңгээлдеги кызматташтыгына канааттангандыгын билдирип, өкмөт экономикалык жана социалдык комплекстүү программаларды ишке ашырууну эл аралык валюта фондунун алкагындагы макулдашуулардын негизинде улантарын билдирди.
Азыркы учурда кийинки жылдын республикалык бюджетине чыгымдарды кыскартууга багытталган өзгөртүүлөрдүн үстүндө иш жүргүзүлүп жатканын, аталган өзгөртүүлөр өкмөттүн жакынкы жыйынында караларын белгиледи.
Тараптар өлкөнүн салык жана тарифтик саясатынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү боюнча пикир алышканын кабарлады өкмөттүк аппарат.