ЖЫЛНААМА, 27-СЕНТЯБРЬ: Украинанын Эл артисти, ырчы Ани Лорак 38 жашка толду

Бүгүн, 27-сентябрда украиналык ырчы, Украинанын Эл артисти Ани Лорак 38 жашка толду. Ал Украинанын Черновицк облусундагы Кицмань районунда төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү - Каролина Мирославовна Куек.

Ырчы 1992-жылы Черновицктеги "Первоцвет" аттуу фестивалга катышып, биринчиликти алган. 14 жаштагы Каролина ошол жерден Юрий Фалёсой аттуу продюсер менен таанышып, бирге иштешүүгө келишим түзгөн. Ырчы 1995-жылы Орусиядагы “Таңкы жылдыз” аттуу популярдуу телеберүүгө катышмак болот. Ага Каролина менен бирге Орусиянын башка Каролина аттуу ырчысы чыкмак болот. Ошондо атын өзгөртүү керек болуп, тез аранын ичинде Ани Лорак деген лакап ат ойлоп табат. Ал Каролинанын тескерисинен окулушу. Ошентип, калың журтка дал ушул лакап аты менен тааныла баштаган.
Ани Лорак 1999-жылы композитор Игорь Крутой менен таанышып, келишим түзүп, бирге иштеше баштаган. 2000-жылы “Күзгү” аттуу композициясы жарыкка чыгып, атактуулугу мурункудан да артат. Ошол эле жылы Ани Лорак дүйнөнүн 100 сексуалдуу айымдарынын тизмесине илинет. Супер популярдуулукка ал 2008-жылы “Евровидение” сынагында күмүш медалды алуу менен жеткен.
Лорактын апасынын айтымында, ал бешиктен бели чыга электе эле ырдап баштаган. Ырчы алгачкы гонорарын бала кезинде алган. Маалыматтарга караганда, ырчынын апасы төрөп жаткан маалда ал короодо ырдап турган. Ошол маалда жашы улгайган аял ага советтик рубль берип, келечекте мындай акчалардын далайын табарын айткан. Анын айтканы бир топ жылдардан кийин чындыкка дал келип, ырчы дүйнөдөгү эң популярдуу, көп киреше тапкан ырчы айымдардын тизмесине кирген.
Учурда ырчы жолдошу түрк улутундагы Мурат Налчажиоглу менен бир кызды тарбиялап келишет.

27-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rasul1987
2016-09-27 14:52:35
Каролина ны наварот которуп алыптыр да жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан