Бишкек мэри Албек Ибраимов депутат Өмүрбек Текебаевди сотко берүүгө камынууда

"Бакиевге тийиштүү жерди президент Алмазбек Атамбаевдин сатып алышына жол ачып берген" делген Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов депутат Өмүрбек Текебаевди сотко берет. Маалыматты мэр өзү 24.kg агенттигине билдирди. Шаар башчысы учурда арыз берүүгө документ даярдап жатканын айтып: "Сот бул документтерди аткарууга алабы же жокпу билбейм", - дейт.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайы тууралуу Текебаев бир катар маалыматтарды тараткан. Анда президенттин үйү жайгашкан жерди алып-сатуу иштеринин башкы фигуранты катары Албек Ибраимовду айыптаган. Кененирээк бул жакта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан