Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттардын алдында отчёт бериши мүмкүн

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков жана парламент комитеттеринин төрагалары депутаттардын алдында отчёт бериши керек. Мындай сунушун бүгүн, 28-сентябрда депутат Мыктыбек Абдылдаев айтты.

"Биз дайыма өкмөттү тартипке чакырып, парламентте отчёт берүүнү талап кылабыз. Өзүбүз да тартипти сактасак. Мыйзамга ылайык, 1-декабрга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы отчёт бериши керек. Эртең добуш берүү аркылуу спикердин жана комитет төрагаларынын отчётторун угуунун күнүн белгилейли", - деп сунуштады Абдылдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан