Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Конституцияны өзгөртүү же өзгөртпөө боюнча чечимди президент менен сүйлөшүүдөн кийин кабыл алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына фракция лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.
Маалым болгондой, "Өнүгүү-Прогресстин" отурумунун жыйынтыгы боюнча, фракция мүчөлөрү сунушталган 29 берененин 26 беренесин колдоду. "Долбоордун 3 беренеси боюнча жумушчу топ менен бир пикирге келе алган жокпуз. Президент менен бул 3 берене тууралуу сүйлөшүүдөн кийин фракция Конституция боюнча чечимди кабыл алмакчы", - деди Төрөбаев.
Айта кетсек, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындоо боюнча мыйзам долбоорунун 84 демилгечисинин катарында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын бир да депутаты жок.