Үй-бүлөсүндө болуп жаткан көйгөйлөр, ажырашуу маселеси тынч иштөөгө тоскоол болуп жатабы, айтор, Голливуд жылдызы Брэд Питт карьерасында тыныгуу болгонун жарыялады. Анжелина Жоли менен расмий ажырашып жаткандыгына байланыштуу актёр өзү үн коштогон "Мезгилдерге саякат" даректүү тасмасынын премьерасына катыша албастыгын билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Кызыктуу, көп маалыматтарга бай долбоорго катышканым үчүн сыймыктанам. Бирок азыр менин көңүлүм үй-бүлөмдө болуп жаткан окуяларга бурулган. Мына ушуга байланыштуу элдин назарын уникалдуу фильмден башка нерсеге бургум келбейт", - деп билдирген Питт.
Эске сала кетсек, жакында эле жылдыздардын ажырашып жаткандыгы тууралуу расмий маалымат берилген.