ЖЫЛНААМА, 29-СЕНТЯБРЬ: Ырчы KG Эльмурат туулган күнүн достору, үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилейт

Бүгүн, 29-сентябрда ырчы KG Эльмурат 29 жашка толду. Өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда, каалоо-тилектер үчүн ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду:

"Майрамдык маанай эң жакшы. Туулган күндү кантип майрамдоо тууралуу азыр план жок. Ырчылардын баары түндөсү концерт, той, ыр жаздыруу менен алек болушат эмеспи. Андыктан кечинде сахналаш досторум, үй-бүлөмдүн курчоосунда белгилейм".

Ал эми "Ким кандай кызыктуу белек берди?" деген сурообузга мындай дейт:

"Келинчегим түрдүү валюта бирдигиндеги акчаларды топтоп, кооз конвертке салып берди. Бул акчаң дайыма көп болсун дегени болсо керек. Аны коротуу үчүн азыр балмуздак алайын деп жатам".

29-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurkyz1977
2016-09-29 15:49:12
Акча доллар деп эле эмне болуп калгансынар дартынарды баары акча менен чектелип калганбы долларды кеп кылбай суйлошсо жарашпай калабы тан калам.
+1
Omurbek998
2016-09-29 16:58:39
Куттуктайм туулган кун менен жакшы откоргуло
Чыгармачылыгынызга ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан