"Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу 10-октябрда өтөт.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети парламенттик угууну "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" мыйзамынын 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде өткөрө турганын ЖКнын маалымат кызматы кабарлады. Иш-чарага депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышат.