Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келди

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келди. Жеке булактар берген маалыматка таянсак, президенттин учагы "Манас" Эл аралык аэропортуна бүгүн саат 17:00 чамасында келип конду. Учурда Бишкек-"Манас" аэропорту трассасын бойлой Патрулдук милициянын кызматкерлери тизилип турушат.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Москвада клиникалардын биринде дарыланып жаткан. Президенттик аппарат өлкө жетекчиси ушул аптанын соңунда ооруканадан чыгарын 27-сентябрда билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан