Кумда ойнолуучу Азия оюндарында самбочу Урмат Мамбетжан уулу алтын медаль тагынды

Дананг шаарында (Вьетнам) кумда ойнолуучу Азия оюндары өтүп жатат. 5-ирет уюштурулуп жаткан мелдешке 11 кыргыз спортчусу 4 спорт түрү боюнча катышууда: кум үстүндөгү күрөш, самбо, жиу-житсу жана муай-тай.

Кыргыз спортчулары мелдеште кезектеги медалга ээ болушту. Самбочу Урмат Мамбетжан уулу 74 килограмм салмакта күч сынашып, алтын медаль тагынды.

11 спортчунун ичинен азырынча 3 спортчубуз медаль тагынды. Буга чейин жиу-житсу боюнча мелдеште Муртазали Муртазалиев коло медаль, самбо боюнча мелдеште Артур Те коло медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
talant87
2016-10-03 08:39:18
жакшы жанылык тан атканда кучуно куч кошула берсин
+3
nazgul90
2016-10-03 08:43:12
Азаматсын ийгилик.
+2
zarlyk2211
2016-10-03 08:43:22
Эң сонун. Азаматтар!
+2
Kurstan_CR7
2016-10-03 08:51:20
Жакшы Жакшы
+2
Kettin-kayda-chyragym..
2016-10-03 09:02:45
Куттуктайм дуйнону багындырабер
+1
ikitaidesu
2016-10-03 21:58:32
2020-жылы дагы Токиодон коптогон медалдарды кутобуз...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан