24-сентябрдан Дананг шаарында (Вьетнам) кумда ойнолуучу Азия оюндары старт алды. 5-ирет уюштурулуп жаткан мелдешке 11 кыргыз спортчусу 4 спорт түрү боюнча катышууда: кум үстүндөгү күрөш, самбо, жиу-житсу жана муай-тай.
Спортчуларыбыздан мелдештеги алгачкы медалды 26-сентябрда Муртазали Муртазалиев камсыздады. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, ал жиу-житсу боюнча 77 килограмм салмакта күчүн сынап, коло медаль тагынды.
Мелдеш 3-октябрга чейин уланат.