“Ички иштер министрлиги баңгизат бизнесин "крышовать" этет”. Мындай билдирүүнү депутат Дастан Бекешев бүгүн, 16-апрелде ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында айтты. Бекешевдин айтымында, тартип сакчылары баңгизаттарын сатуучу бардык жайлардын даректерин билишет. "Айрым милиция кызматкерлери өздөрү баңгизат сатышат, бирок аларды кылмыш жасайт деп кармай албайсың. Баңгилер да өздөрүнө керектүү нерсени кимден алышты билишет. Аларды "ИИМдин штаттан тышкаркы кызматкерлери" деп койсо да болот",- деди Бекешов.