ЖЫЛНААМА, 5-ОКТЯБРЬ: Бийчи Атай Өмүрзаков туулган күнүн белгилебейт

Бүгүн, 5-октябрда белгилүү бийчи, "Тумар КР", "Адэм" бий топторунун жетекчиси Атай Өмүрзаков 26 жашка толду. Бийчини өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду:

"Туулган күн өзүмдүн окуучуларымдын, Инстаграмдагы достордун куттуктоосунан башталды. Маанайым эң сонун, бүгүн менин эле эмес, мени жарык дүйнөгө алып келген апамдын да майрамы. Улам убакыт өтүп, жашың чоңойгон сайын туулган күндү белгилегиң келбей калат экен. Мен 20 жашка толгондон баштап бул күндү атайын майрам катары белгилебей калдым. Бүгүн да ошондой эле болот, тынч эле үйдө болууну чечтим", - дейт бийчи.

Атай Өмүрзаков Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында 1990-жылы 5-октябрда туулган.

11-классты аяктап жатканда Улуттук биринчи канал уюштурган “Баракелде” телесынагына катышып, биринчиликке ээ болгон. Ошондон кийин "Украина таланттарга бай” (“Украина мае талант”), “Даңк мүнөтү” (“Минута славы”) долбооруна катышып, алдынкы байгелүү орундарга ээ болгон. Ал эми 2011-жылы Атай Словакиянын борбору – Братиславада өткөн “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагында жеңип, 100 000 евронун ээси болуп кайткан.

5-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Koshaly
2016-10-05 12:38:18
Бир эле жолу туулат адам
-4
Arslan12
2016-10-05 12:43:26
Азамат, туулган кунун менен!
+1
UsenovaAizada
2016-10-05 13:01:57
Туулган кунубуз бир кундо экен. Мен да туулган кун тоскум келбейт мен учун кундогудой эле кун
+1
Kroxa
2016-10-05 13:02:12
Атайчик туулган кунун кут болсун!! КАРАКОЛ СЕНИ МЕНЕН!!!
0
Samatovich
2016-10-05 13:16:52
Туура. Мен бир жолудагы белгилеген эмесмин.
+2
tumann.
2016-10-05 13:29:30
Омур бул, кундордон куралган. Бир кундун откону бир болугундун кемигени.
-2
bom.bon
2016-10-05 14:10:24
Туура эле кылат уйдо уйбулосу менен откоротда баарибир.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан