Бүгүн, 5-октябрда "Титаник" тасмасындагы Роуздун ролу аркылуу таанылган актриса Кейт Уинслет 41 жашка толду. Ал Англиянын Рединг шаарында туулган. Толук аны-жөнү - Кетрин Элизабет Уинслет. Ал эми жашоодогу лакап аты - англиялык роза. Бала чагынан бери актриса болууга кызыккан Голливуддун супер жылдызы Лондондогу актёрдук мектептен билим алган. Актёрдук карьерасын 1991-жылы англиялык телеканалдан баштап, алгачкы ролун 1994-жылы "Асманда жаралгандар" тасмасында жараткан. Ал эми актрисага "Титаник" тасмасындагы Роуздун ролу атак алып келген.
Аталган "Титаник" тасмасындагы өнөктөшү, актёр Леонардо Ди Каприо менен Кейт Голливуддагы эң бекем достордун катарын түзүшөт. Тасмада сүйүшкөн түгөйлөрдүн образын жараткан актёр-актрисаны тартуу учурундагы оор кырдаалдар жаш актёрлордун достугун сынаган. Бирок бардык кыйынчылыктарды татыктуу жеңип өтүп, достук эмес, үй-бүлөнү сактоо кыйынга турган учурда Ди Каприо менен Уинслет 20 жылга чукул убакыттан бери бири-бирине болгон назик мамиле, берилгендик, камкордук, сүйүү мамилелерин сактап кала алышкан.
Достор ар кандай кырдаалдарда бири-бирин колдоп келишет. 2016-жылы "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Леонардо Ди Каприого көптөн күткөн сыйлык берилгенде актриса кубанганынан көзүнө жаш алганы интернетте кызуу талкууга алынып, "чыныгы достук, сүйүү ушундай болот" деген билдирүүлөр айтылган.
"Бизде бекем байланыш бар, бул нерсеге жадакалса курбуларым да суктанып, кээде ич күйдүлүк менен карап калышат. Лео башкалар үчүн сексуалдуу мырза болушу мүмкүн, мен үчүн баягы эле тентек Лео", - деп билдирген актриса "Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда романтикалык мамилелер болушу мүмкүн беле?" деген суроого жооп берип жатып. Ал эми Лео: "Биз бири-биринин жумушун колдоп, кубаттап иштеген бир механизм сыяктуубуз", - деп билдирген.
2012-жылы Кейт Уинслет миллионер Нед Рокнроллго жашыруун турмушка чыккан. Үлпөт той ушунчалык сыр тутулгандыктан, жадакалса түгөйлөрдүн ата-энеси да чакырылган эмес. Бирок ал жерде Кейттин сүйкүмдүү досу Лео болгон.
5-октябрдын жылнаамасы.