
Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү болуп
Кыянбек Сатыбалдиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
"Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыянбек Сатыбалдиев КСДП фракциясынан 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ал эми буга чейин облусту жетектеп келген Жумагүл Эгембердиева 15-сентябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигине жетекчи болуп которулган.