“Баткен облусундагы балдарды акчага жалдап, Түркия аркылуу Сирияга согушка алып кетип жатыптыр”. Мындай билдирүүнү бүгүн, 17-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди. “Кечээ бизге Баткенден энелер келишиптир. Аларга балдары “Орусияга иштегени кеттик” деген экен, бирок кийин “биз Стамбулдабыз” деп чалышыптыр. Ушул маселеге байланыштуу Өмүрбек Бакиров жалданган балдардын 2 апасын кошуп алып, түнү менен Стамбулга учуп кетти”,- деди эл өкүлү. Өз кезегинде төрага Асылбек Жээнбеков бул маселе боюнча депутат Өмүрбек Бакиров менен сүйлөшкөндүгүн айтып, тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн билдирди.