Бүгүн, 11-октябрда режиссёр, продюсер Рысбек Жабиров 43 жашка толду. Рысбек мырзаны туулган күнү менен куттуктоо үчүн байланышканыбызда уулунун да туулган күнү экенин, кош майрам болуп жатканын айтты.
"Бардык каалоо-тилектер үчүн рахмат! Бүгүн кичүү уулумдун да туулган күнү, андыктан экөөбүз майрамдап жүрүп, сиздин телефон чалганыңызды да укпай калыптырмын. Телекөрсөтүүгө да чакырышкан эле, унутуп калып барган жокпуз. Маанай эң сонун, кош майрамды үй-бүлөм, жакындарымдын курчоосунда белгилеп жатабыз", - деди Р.Жабиров.
Р.Жабиров Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Октябрь айылында туулган. Мектепти 1990-жылы аяктап, Орусиянын Красноярск шаарындагы Сибирь техникалык институтуна тапшырып, кийин Жалал-Абад техникалык институтун аяктаган. Режиссёр катары "Кайып булак", "Достор", "Талак", "Мезгил дарылайт", "Түндүктүк келин" тасмаларын тарткан.
11-октябрдын жылнаамасы.