Теги түрк болгон германиялык футболчу, лондондук "Арсеналдын" жарым коргоочусу Месут Өзил 28 жашка толду. Ал 1988-жылы Германиянын Гельзенкирхен шаарында туулган.
Өзил өзүнүн карьерасын Гельзенкирхендин ар кандай жаштар клубунда ойноп баштаган, андан кийин "Рот-Вайс", "Шальке-04" клубдарында ойногон. Профессионалдык карьерасын 2006-жылы "Шалькенин" курамында баштаган. 2008-2010-жылдар аралыгында "Вердердин" курамында ойногон.
Анын оюн уюштуруу жана пас чыгаруу чеберчилигине кызыккан машыктыруучу Жозе Моуринью аны мадриддик "Реалдын" курамына алып келген. Дал ушул клубда Месут эмнеге шыктуу экенин толук далилдеп, мыкты футболчулардын катарын толуктаган. 2013-жылы футболчу лондондук "Арсеналдын" курамына кошулган.
Месут 2007-жылы Германия курама командасына 21 жаштагы оюнчулардын катарына чакырылган. Негизги курамда 2009-жылдан тарта ойноп келет. 2014-жылы Германия курамасынын Дүйнө чемпиону болуусунда негизги ролду ойногон оюнчулардын бири.