Бүгүн, 17-октябрда борбор калаадагы ресторандардын биринде белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен ырчы Гүлбү Ороскул кызы тун кызы Айзууранын кыз узатуу тоюн өткөрүштү. Салтанатка эки тараптын дос-туугандары, чыгармачыл инсандар катышты. Гүлбү Ороскул кызынын айтымында, тойго бир нече күн даярданышып, сценарий түзүп чыгышкан. Ага ылайык, алгач "Манас" айтылды. Андан соң Умай эне аластап, жеңелер кыргыздын бир нече салтын аткарышып, "Жар-жар" айтып, эки жашты конокторго жүгүнтүп чыгышты. Ошону менен эки жашты, кудаларды куттуктоо башталып, той кызуу уланды.
Белгилей кетсек, Айзуура Иманалиева "Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу-2013" сынагында "Сымбаттуу сулуу" наамын жеңип алган. Ошондой эле Гүлбү Ороскул кызынын "Ортомчу бизге Ысык-Көл" ырынын клибинде жолдошу Мирзат Муканов менен тартылган.
Кыз узатуу тоюнан видеорепортажды SUPER.KG порталынан көрүп, "Супер-Инфо" гезитинин 729-санынан кызыктарды окуй аласыздар.