7-жолку «Супер сулуу» сынагы 13-14-декабрда Улуттук филармонияда болуп өттү. 14 финалчыда тең «баш байгени эңип кетсем» деген тилек күч эле. Бирок жеңүү жана жеңилүү деген бар эмеспи. Баш байге бир гана сулууга буюрду.
КЫШТЫ УНУТТУРГАН СУЛУУЛАР
Суйкайган селкилер алгач алып баруучулардын чакыруусунда коктейль көйнөгү менен сахнага чыга келишти. Элдин сүрү оңой эмес, ошентсе да алар өздөрүн ар тараптуу тааныштырып жатышты. 2-тапшырма боюнча бийкечтер чыгыш бийин бийлешти. Мына ушул жерден музыка менен жарышып алаканы кызаргыча кол чаппаган адамды таппайт элеңиз. Суктанган көрөрмандар сулууларга ыраазы боло сахна артына узатышты. Анан эле кыздар кыш мезгилин унуттуруп бикини менен шаңдуу музыка коштоосунда эл алдында болушту. Убакыт тез эле 4-тапшырманы багындырды. Жай музыканын ыргагында кече көйнөгүн көргөзгөн сулуулар кезекти калыстар тобуна узатышты.
ЖҮРӨКТӨР ДҮК, ДҮК...
Ооба, жүрөктөр дүк, дүк... «Кимибизге бакыт кушу жылмаят?» деп шаштысы кеткен кыздардын демин басып, калыстар тобунун төрайымы КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева катышуучулардын баарына кореялык «Tony Moly» компаниясынын косметикаларын тапшырды.
КЕРЕМЕТ ЖЕҢИШОВА super.kg порталында көп талкууга алынып, жакшы пикирлерге ээ болгондугу үчүн «Super.kg ажары» деп табылып, «Келдике» зер үйүнөн баалуу топтомдор, «Табылга» соода борборунан 3000 сомдук сертификат менен сыйланды. «Сымбаттуу сулуу» наамына АЙЗУУРА ИМАНАЛИЕВА арзып, ага «Александра» мода үйүнөн 10 000 сомдук сертификат, «Табылга» соода борборунан 3000 сомдук сертификат, «Келдике» зер үйүнөн топтомдор тапшырылды. Ал эми «Ажарлуу сулуу» наамына татыган РАХИМА КУСКАКОВАГА «Табылга» соода борборунан 10 000 сомдук сертификат ыйгарылды.
Өзүн сахнада татыктуу көргөзүп, толкунданууну жеңип ар бир тапшырманы орду менен аткарып, калыстар тобунун жогорку баасына татыган ОРУНКҮЛ ШАБРАЛИЕВА «Супер сулуу-2013» деп табылды. Баш байге ээси экзотикалык өлкөгө жолдомо жана «Табылга» соода борборунун 3000 сомдук сертификатын утуп алды. Сынактын кульминациясына кезек жетип, «Супер сулуу-2012» наамынын ээси Гузель Келдибаева кымбат баалуу таажыны Орункүл Шабралиевага өткөрүп берди.
Аталган сынактын баш байге ээси Орункүл сүйүнүчтөн көзүнө жаш алып, ыраазычылыгын төмөнкүчө билдирди:
– Бардык эле катышуучулар келишимдүү, ажарлуу кыздар болчу. Ошентсе да үчилтикке кирериме ишенгем. Ушул сынакты уюштуруп, бизге сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген «Супер-Инфо» гезитине терең ыраазычылык билдирем.
Кыздарды чыгыш бийин бийлөөгө үйрөткөнү үчүн Бакыт Байсариевге жана сулууларга дефиле боюнча сабак берген «IDOL Fashion Management» моделдик агенттигине ыраазычылык билдиребиз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg