Каржы министрлиги "референдум өткөрүүгө 615 миллион сом жумшалат" деген маалыматты четке какты

Каржы министрлиги "референдум өткөрүүгө 615 миллион сом жумшалат" деген маалыматты четке какты. Министрликтен 18-октябрда SUPER.KG порталына тастыкташкандай, референдум үчүн 135 миллион сом, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 258 миллион сом каралууда. Референдумга каралган 135 миллион сомдун 67 миллион сому 2016-жылдын республикалык бюджетине киргизилмекчи. Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоого көмөктөшкөн операторлордун кызматына 61 миллион сом, Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө шайлоочуларга шарт түзүүгө 7 миллион сом бөлүүнү суранууда.

Парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 18-октябрдагы жыйынында депутат Улугбек Ормонов референдум кайсы күнү өтөрү так чечиле электе Каржы министрлиги бул үчүн 615 миллион сом бөлүп жатканын билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан