Парламенттик комитет референдумду дайындоо боюнча бир чечимге келе алган жок. Талкуу саат 16:00дө улантылмакчы

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 18-октябрдагы жыйынында Конституцияны өзгөртүүгө жол ачуучу мыйзамдын долбоору 2-окууда каралууда. Бул долбоор кызуу талкууланып, депутаттар бир чечимге келе алышкан жок. Мындан улам депутат Өмүрбек Бабанов саат 14:00гө чейин танапис жарыялоону сунуштады. Депутат Бакыт Төрөбаев талкууну 14:00дө эмес, 16:00дө баштоону демилгеледи. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү танаписти саат 16:00гө чейин жарыялоону чечишти.

Айта кетсек, аталган документке ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрына дайындалмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан