Мындан 47 жыл мурун, 1969-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Фрунзе шаарында туулган. 1994-жылы Бишкек гуманитардык университетин орус тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн. "Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси" класстык чинине ээ.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1999-2002-жылдары - Свердлов райсотунун Соттук департаментинин сот аткаруучусу;
2002-2003-жылдары - Кыймылсыз мүлккө карата укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Жер жана мүлктү каттоо боюнча башкы башкармалыгынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн алдынкы адиси;
2003-2004-жылдары - Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун консультанты (сот жардамчысы);
2004-2005-жылдары - КРнын Жогорку Сот аппаратынын жарандык иштер боюнча бөлүмүнүн улук консультанты;
2005-2007-жылдары - Жогорку Кеңештин төрагасынын жардамчысы;
2010-жылдын апрель-июль айлары - Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
2010-жылдын июль-декабрь айлары - Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
2011-жылдын март-декабрь айлары - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору;
2011-жылдын 24-декабрынан тартып 2015-жылдын 10-февралына чейин - КРнын Юстиция министри;
2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Учурда депутат.