Мындан 36 жыл мурун америкалык фотомодель, актриса Ким Кардашян Лос-Анжелесте туулган. Анын чыныгы аты-жөнү - Кимберли Ноэль. Атасы Роберт Кардашян белгилүү адвокат болсо, апасы Крис Женнер учурда анын менеджери.
2006-жылы интернетке Ким Кардашяндын интимдик видеосу тарап, көпкө чейин өчүрүлбөй жүргөн. Бул окуя аны атактуулукка жеткирген. Чыгармачылык жолун 2007-жылы өзүнүн үй-бүлөсү менен "Keeping Up with the Kardashians" реалити-шоусуна катышып баштаган. 2010-жылы реалити-шоуго катышкандардан эң кымбат жылдыз катары 6 миллион доллар таап, анын 10 пайызын кайрымдуулукка жумшаган. 2011-жылы бир тууган эжеси Кортни Кардашян менен жаңы реалити-шоу баштаган. Актриса катары 2008-жылы "Болбогон блокбастер" тасмасына тартылып, начар аткарылган ролу үчүн "Алтын малина" сыйлыгына ээ болгон. Бул тасмадан кийин көптөгөн сериалдарда жана тасмаларда роль жараткан. 2007-жылы "Playboy" журналына сүрөткө түшкөн. 2008-жылы "Bongo Jeans" кийим фирмасы менен келишим түзүп иштей баштаган. Бүгүнкү күндө "DASH" кийим дүкөндөрүнүн ээси. Учурда рэпер Канье Уэст менен жашайт.
Жакында эле белгисиз адамдар моделге Париж шаарында кол салып, 11 миллион евролук зер буюмдарын уурдап кетишкен. Чет элдик басылмалар Канье Уэст сүйүктүүсүнө белекке 40 миң фунттук (болжол менен 3 миллион сом) сөйкө даярдап жатканын жазып чыгышты.
21-октябрдын жылнаамасы.