Айтылган сөз - атылган ок, артка кайрылбайт. Айрыкча эл көзүндөгү адамдар сөзүн таразалап сүйлөшү керектигин убакыт тастыктоодо. Саясатта жүргөн айрымдар бир эле сөзү менен бүтүндөй өлкөгө таанымал инсанга айланышты. Аларды жарандар абдан сындашты. Балким, жакшы эле ойдо айтышкандыр, бирок айтылдыбы, бүттү. Үстүбүздө 21-кылым, интернет, технологиянын заманы. Маалыматты жаап-жашыруу, жаңылыш айтылган сөздү элдин калың катмарына жеткирбей убагында монтаждай калуу бүгүн өтө кыйын. Ким, кайсы сөзү менен таанымал?
АЛБЕК ИБРАИМОВ, Бишкек мэри. "Т9"
2016-жылдын 19-февралы. Көпчүлүккө жакшы таанымал эмес Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Албек Ибраимов кыргыз тили боюнча сынак тапшырган. Программасын оозеки жана жазуу түрүндө баяндап берип, "Манас" эпосунан үзүндү окуду. Комиссия "кыргыз тилин билет" деген баа бергени менен, анын дил баянындагы оркойгон каталар талкуу талаасында калды.
Бир барактан ашыгыраак көлөмдөгү дил баянды Ибраимов 5 бадырайган ката менен жазды. Дил баяндын оригиналынан көрүүгө болот. "Коррупция", "бөлүгү", "тийиш", "төртүнчү", "демократия" деген сөздөр туура эмес жазылган. Жаңы мэр болуп шайлангандан кийин SUPER.KG порталы берген суроого Ибраимов минтип жооп берген: "Бүгүн заманбап технологияларды колдонуп калбадыкпы. Компьютерде Т9 деген программа бар, ал сөздөрдү өзү оңдоп коёт. Ошого көнүп калгандыктан, ушундай каталарды кетирдим окшойт".
Бул жооп көпчүлүктүн талкуусуна алынган. Бүгүн Т9 деген шарттуу белги заманбап мэрдин эски катасын эске салып турат.
ЖЫЛДЫЗ МУСАБЕКОВА, депутат. "Мугалим, саанчы, чабан"
Жогорку Кеңеш салыштырмалуу ачык орган. Пленардык жыйындарда, фракция, комитет отурумдарында айтылган сөздөр республикага сөзсүз тарайт. Жакында депутат Жылдыз Мусабекованын мугалимдер жөнүндө айтканы коомдо, өзгөчө интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Депутаттын чуулгандуу сөзү: "Аймактардагы мектептерде мугалимдер саанчылар менен чабандарга окшоп кийинишет. Мугалимдер туура кийиниши керек. Ошондо окуучулар алардан үлгү алып, сыйлай башташат".
Депутат "чабан, саанчы" деген сөздөрдү атайын мугалимдерди кемсинтүү үчүн айтты дегенден алыспыз, бирок бул салыштыруу депутатка ыраазычылык алып келген жок. Мугалимдерди сыйлабастык катары бааланып, депутатка жарандар тарабынан "мугалимдердин кийимине асылбай, алардын айлыгын көтөрүүнүн үстүнөн иштегиле" деген кеңештер айтылды.
Мусабекова белгилүү эле жаран, мугалимдер жөнүндө айткан жогорудагы сөзүнөн улам аны тааныгандардын саны эселеп өстү.
ГҮЛШАТ АСЫЛБАЕВА, депутат. "Өлкөдө 9 миң сом айлык барбы?"
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева элге парламентте жазган мыйзамдары, көтөргөн демилгелери менен эмес, айлык маяна тууралуу сөзү менен таанылды. Комитет отурумдарынын биринде депутат “өлкөбүздө 8-9 миң сом айлык алгандар бар экенинен абдан шектенем, андай айлык жок" деген билдирүү жасап, бул цитата маалымат каражаттарынын көбүндө дароо жарыяланды.
Албетте, айлыгы жарытпаган өлкөнүн жарандарын мындай билдирүү ызалантты. Расмий маалыматтарга таянсак, өлкөдө 2-3 миң сом айлыкка иштегендер бар, жаш мугалимдердин айлыгы болсо 5-6 миңдин тегерегинде. 9 миң сом айлыгы бар жумуш издеп жүргөндөр дагы аз эмес. Айтор, депутаттын сөзү да социалдык тармакта катуу сындалып, депутатты элге аралашууга, реалдуу жашоонун агымында жүрүүгө чакырыктар айтылды.
Асылбаева сөзүн көпчүлүк туура эмес түшүнүп алганын, "өлкөдө 9 миң сом айлык жок" деген сөзү бюджеттик тармакта иштегендерге тийиштүү эмес экенин айтып чыкты. Бирок кечигип калды, эл айтчусун эчак айтып бүткөн эле. Элдин атынан шайлангандар ар бир сөзүн абайлап сүйлөөсү зарыл экенин Асылбаеванын окуясы далилдеди.
МЭЭРБЕК МИСКЕНБАЕВ, экс-депутат. "Куудулдарды соттотом"
"Апрель окуясынын баатырларына шек келтирген куудулдар менен соттошом". Бардык чуу ушул сөздөн башталды. 2015-жылы парламентке депутат болуп келгиче Мээрбек Мискенбаевди көпчүлүк таанычу эмес, бүгүн дээрлик бардык кыргыз тааныйт. Аты-жөнүн унутуп калышы мүмкүн, бирок куудулдар менен тирешкен эл өкүлү катары жакшы билишет.
Куудулдар Рахман Разыков менен Тынар Курбаналиевдин сатирасына таарынган экс-депутат башында бул иштин аягына чыгарын айтып жаткан. Ошондо депутатты өзүнүн негизги иши менен алектенүүгө чакырып, маданият өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү жакшылыкка алып барбасын эскерткендер болгон. Депутат аягына чыкпады. Жакында саясат интригалардын очогу экенин айтып, мандатын тапшырып берди.
Ал эми куудулдардын оозу жабылып калган жок. Жакында Тынар Курбаналиев Мискенбаевдин депутаттыктан кеткени тууралуу минтип тамашалады: "Мискенбаев депутаттыктан кетиптир деп уктум. Кыргыз сатирасы чоң жоготууга учурады".
БОЛОТ ИБРАИМЖАНОВ, депутат: "Түндөгү азан үнү уктатпай жатат"
Парламент депутаты Болот Ибраимжанов мечиттерден азан үнүн азайтам деп интернет колдонуучуларынын чабуулунда калды. Депутат эмне деди? Үн күчөткүч менен түнкүсүн айтылган азан уйкуну бузуп жатыптыр, андыктан саат түнкү 11ден таңкы 7ге чейин ага тыюу салууну сунуштады. "Абдан бийик үн менен айтылгандыктан балдар уктабай, эртең менен мектепке бара албай жатыптыр", - деген депутат. Ыңгайсыз абалда калды, оболу сутканын кайсы бөлүктөрүндө азан айтыларын билип алса ашыкча болбойт эле. Ал учурда эң акыркы азан кечки саат 8дин тегерегинде айтылып жаткан.
Көпчүлүк Жогорку Кеңеште мындай депутат бар экенин ушул сунуштан кийин билди. Жарандардын кайрылуусун парламенттен окуп берүүдө да кайрылуунун оң-тетирисин карап алуу зарылдыгын айгинелеп берди. Кыргыз "артык кылам деп тыртык кылыптыр" деп ушундай окуяларды айтса керек.