2016-жылдын 9 айында салык органдары тарабынан ишкерлик тармакта 8027 салыктык текшерүү жүрдү. Мамлекеттик салык кызматы 22-октябрда билдиргендей, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттик казынага кошумча 7,7 миллиард сом киреше түштү. Бул сумма 2015-жылдын 9 айынын жыйынтыгындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,7 миллиард сомго көп.
Быйылкы жылдын 1-октябрына карата салыктык карыздын суммасы 1 миллиард 269 миллион 300 миң сомду түздү. Жыл башынан бери салык өндүрүүгө байланыштуу 1311 материал сотто каралып, мунун 471и мамлекеттик бюджеттин пайдасына чечилгени айтылат маалыматта.